Новости

Окуу процессинде дистанттык технологияларды пайдалануу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу"

Ош мамалекеттик универсистеттин профессордук-окутуучулук курамы окуу процессин уюштурууда толугу менен AVN информациялык системасын колдонуп келе жатат. AVN информациялык системасынын артыкчылыктары баарына белгилүү.
Өлкөдөгү жана жалпы дүйнөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын 16-марттынан 8-апрелине чейин, КР билим берүү жана илим министрлигинин мыйзамына жараша, жождор билим берүү процессин аралыкта алып барууда. Студенттердин дистанттык технологиялар менен камсыз болгон деңгээлин эске алып, Google classroom, Zoom жана Moodle каражаттары пайдалана турган болду.
Өз ара ПОК арасында да тиешелүү каражаттарды колдонуу боюнча семинар өткөрүлүүдү. 2020-жылдын 18-мартында Программалоо кафедрасынын улук окутуучусу Абдирайимова Назигай "Moodle каражатынын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдалануу" аттуу темада семинар өттү. Абдирайимова Назигай окуу процессинде кошумча Moodle системасын да пайдаланууну сунуштады. Себеби, окуу процессин уюштурууда Moodle системасынын колдонуу окутуучу жана студент үчүн ыңгайлуу деп эсептейт. Бул жерде курсту уюштуруу менен студенттерге толук теориялык билимди берип, анын негизинде алган билимди бышыктоо үчүн бир топ каражаттарды колдонууга болорун айтты. Мисалы, тесттердин түрдүү варианттары, өз алдынча тапшырмаларды тапшыруу үчүн атайын “Задание” бөлүмдөрү, видео сабактарды коюуга жана башка билимди баалоо каражаттарын колдонууга чоң мүмкүнчүлүктөр барлыгын, студенттер менен кайтарым байланыш жогорку деңгээлде уюштурулушун баса белгилеп кетти.
715 00:14 21-03-2020

                 

Новости

|< 1 >|