Новости

Тажрыйба алмашуу жана келишим түзүү максатында Ташкент мамлекеттик экономикалык университетине болгон сапар

2020-жылдын 29-31 январь күндөрү Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин №12/277-буйругунун негизинде Программалоо кафедрасынын окутуучулары Токторбаев Айбек Мамадалиевич жана Абдумиталип уулу Кубатбек академиялык мобилдүүлүк боюнча тажрыйба алмашуу максатында барып келишти.

Информациялык технологиялар жана эконометрика кафедралары менен таанышып ал жердеги окуу жүктөмү, жумушчу программа, мугалимдер жана студенттер үчүн дагы окуу методикалык комплекстер өз өзүнчө түзүлгөнүнө күбө болушту. Мындан сырткары биздин окутуучулар төмөнкү окуу жайлар менен академиялык мобилдүлүк боюнча келишим түзүүнү сүйлөшүп келишти:

  1. Ислам Каримов атындагы Ташкент мамалекеттик техникалык университетинин эл аралык мамилелер боюнча проректору т.и.д., профессор Маннанов Улугбек Васикович менен жолугуп универиситет боюнча маалымат берип, академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүүгө макулдашылды;
  2. Низами атындагы Ташкент мамалекеттик педагогикалык университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Панферова Ирина Виталиевна жолугуп универиситет боюнча маалымат берип, келишим түзүүгө макулдашылды. Ошондой эле алар биз менен кош дипломдуулук боюнча да 3+1 окуу сиситемасы менен келишим түзүүгө ыраазычылык билдирди. Өздөрүндө кош дипломдуулук боюнча М.В. Ломоносова атындагы Москва мамлекеттик университтет жана Белорус мамлекеттик университтеттери менен келишим бар экен;
  3. Ал-Хоразм атындагы Тошкент Ахборот технологиялар университетинде да конок лектор болушту.
574 09:23 13-03-2020

                 

Новости

|< 1 >|