Новости

ОшМУнун окумуштуулары Ташкентте

Ош мамлекеттик университетинин бир катар окутуучулары 2019-жылдын 15-18 январга чейин Улук Мирзо атындагы Ташкент улуттук университетинде болуп, тажрыйба алмашып, конок лекцияларды окуп келишти. Сапардын алкагында ф.-м.и.ид., профессор Д.Турсуновдун «Асимптотика решения бисингулярно возмущенных задач» аттуу конок лекциясына аталган университеттин Математика факультетинин академиктери, илимдин докторлору жана кандидаттары катышса, доцент Б.Азимов жана улук окутуучу Г.С.Абдугулованын лекциясына магистранттар катышты. Ошондой эле профессордук-окутуучулук курам, магистрант, студенттер менен пикир алышып, тажрыйба бѳлүшүп, аталган окуу жайдын сертификаттарына ээ болушту. Эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеген иш-чараны Математика жана информациялык технологиялар факультетинин эл аралык байланыштар боюнча декандын орун басары Гулмира Шамшиева уюштуруп барды.
612 15:49 06-02-2020

                 

Новости

|< 1 >|