Новости

Чет тилдерди аралыктан окутуунун артыкчылыктары жана кемчиликтери

ОшМУнун Кыргыз-кытай факультети Кыргыз улуттук университенин Кыргыз-кытай факультети менен биргеликте «Чет тилдерди аралыктан окутуунун артыкчылыктары жана кемчиликтери» аттуу эл аралык илимий онлайн-видео конференция уюштурду. Илимий жыйынга Кыргызстандын жана Казакстандын көптөгөн жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышышты. Конференциянын ачылышында ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Осумбеков Байышбек Зияйдинович жана КУУнун окуу иштери боюнча проректору Темиров Бекжан Кайыпбекович катышып, пандемия учурунда болсо да окутуучулардын илимий жыйындарын өткөрүүнүн, окутуучулардын өз ара маалымат алмашуусун уюштуруунун пайдалуу жактарын белгилешти. Байышбек Зияйдинович жана Бекжан Кайыпбекович жалпы катышуучуларга ийгиликтерди каалап, илимий жыйындын жемиштүү болуусуна тилектештигин билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө чет тилдерди аралыктан окутууга байланыштуу мазмуну терең, пайдалуу маалыматтарды камтыган баяндамалар жасалды. Ар бир баяндамадан кийин катышуучулардын арасында темага байланыштуу кызуу талкуу жүрүп жатты. Жыйындын соңунда ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинин деканы Айтикеев Токтосун Кеңешбекович бардык катышуучуларга ыраазылык билдирүү менен бирге илимий ишмердүүлүктөрүндө ийгиликтердин көп болушуна тилектеш экендигин билдирди.
462 09:45 18-12-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|