"Иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен НББПнын максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларын талкуулоо" аттуу тегерек стол уюштурулду
11:33
2017-жылдын 6-апрелинде Программалоо кафедрасы тарабынан 328-аудиторияда саат 14.30да "Иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен НББПнын максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларын талкуулоо" аттуу тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү.
Тегерек столдун максаты:
- иш берүүчүлөрдү, бүтүрүүчүлөрдү жана магистранттарды “ИСТ”, "ИВТ" бакалавр жана магистрдик багыттарынын негизги билим берүүнүн программалары, максаттары, күтүлүүчү натыйжалары, окуу пландары жана жумушчу окуу пландары менен тааныштыруу;
- иштеп жатышкан бүтүрүүчүлөрдүн билгилик сапаты тууралуу иш берүүчүлөрдүн сунуш-пикирлерин угуу;
- иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн иш процессинде кезиктирген кыйынчылыктары жөнүндө сунуш-пикирлерин угуу;
Максатка ылайыктуу коюлган суроолордун үстүнөн чакан топтордо иштөө, тегерек столдун катышуучуларынын эркин сунуш-пикир алышуусу болду.
617 11:33 16-12-2019