Новости

Практикага чыккан студенттерди көзөмөлдөө

        Өндүрүштүк практикадагы студенттерди текшерүү боюнча университеттин буйругуна ылайык БЭжС бөлүмүнүн окутуучусу                          К. А. Исаков 7-май күнү Ноокат районундагы мекеме-ишканаларда практика өтөп жаткан 13 студентти жеринен барып текшерип келди. Текшерүү менен биргеликте күндөлүктөрдү толтуруунун абалы жана отчетторду түзүлүүсүн көзөмөлгө алды. Андан сырткары ар бир ишканадагы иш берүүчү менен кыскача маектешүүдө алар студенттерге билим-тарбия берүүдө окутуучуларга төмөнкү сунуштарын айтышкан:

-         Бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү укуктук-ченемдик актыларды тереңдетип үйрөтүү;

-         Иш кагаздарын сабаттуу даярдоого үйрөтүү;

-         Отчетторду компьютерде түзүү жана электрондук почта аркылуу жиберүү, кабыл алууну өздөштүрүү;

-         Студенттерге билим берүүдө өзгөчө тарбиясына маани берүү менен биргеликте командада иштөөдө улууга урмат, кичүүгө ызат принцибинин негизинде иш алып баруу жана  аларды сабырдуулукка тарбиялоо сунуштарын беришти.

174 13:29 08-05-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|