Новости

Улуттук банк тарабынан уюштурулуп жаткан Дүйнөлүк акча жумалыгы экскурсиясына ФЮКтун бүтүрүүчү студенттери окутуучулар менен катышып келишти.

2021-жылдын 25-март күнү Финансы-юридикалык колледжинин Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучулары Сооронбек кызы Толкунай жана Асилбекова Тинатин Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын нумизматикалык музейине финансы жана салык салуу адистиктеринин 3-курсунун студенттерин экскурсияга алып барышты. Экскурсия Кыргызстандын бардык аймактарында “Өзүңө сак бол, акчага бек бол” деген ураанда Улуттук банк тарабынан уюштурулуп жаткан Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында уюштурулуп, банктын өкүлдөрү тарабынан студенттер үчүн баалуу маалыматтар айтылды. Андан кийин студенттер кыргыз сомунун жана дүйнөлүк акча бирдиктеринин өнүгүү этаптарын жана белгилүү даталарга арналып чыгарылган монеталар менен таанышы п, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

280 16:24 26-03-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|