Новости

«Аралык текшерүү жана билим, билгичтик көндүмдөрүн текшерүүдө Google программасынын тиркемелерин иштетүү» деген темада семинар

2020-жылдын 25-ноябрынан 28- ноябрга чейинки күндөрдө ФМИ циклынын окутуучусу Бекиева Малика ПЦКнын окутуучуларына «Аралык текшерүү жана билим, билгичтик көндүмдөрүн текшерүүдө Google программасынын тиркемелерин иштетүү» деген темада семинар өттү. Семинарга кафедранын окутуучулары активдүү катышышты.

Бул семинарда мугалимдер:

· Googleдан аккаунт ачканды, почта аркылуу документ жөнөтүүнү, алууну;

· Google дискке сабактардын иштелмелерин, видео сабактарын жүктөөнү;

· Google форма аркылуу сурамжылоо, анкета жана тест түзүп, студенттерге жөнөтүп, анын жыйынтыктарын анализдөөнү үйрөнүштү.

491 10:18 16-02-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|