Новости

ОшМУнун ректору К.Кожобековдун КЭРдеги иш сапары башталды

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Үрүмчү шаарында Синьцзян педагогикалык университетинин ректору Пархат Жалал мырза менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Пархат Жалал мырза Кудайберди Кожобековду ректорлук кызматка келүүсү менен куттуктап, ОшМУ менен Синцзян педагогикалык университетинин кызматташуусун мындан ары да өнүгүп, жаны денгээлге чыгарына ишеним билдирди. К.Кожобеков эки окуу жайдын ийгиликтүү кызматташуусуна токтолуп, ОшМУ мындан ары да бул окуу жай менен өнөктөштүктү күчөтүүгө көңүл бурарын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ОшМУнун Конфуций институтунун директору Айтикеев Токтосун институттун 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө доклад жасады. Андан сон эки тарап Конфуций институтунун 2020-жылда аткарылчу иш аракеттерин талкуулап, иш планын бекитип беришти.

Ректор К.Кожобеков Синцзян педагогикалык университетинин ректору Пархат Жалал мырза менен жолугушуудан кийин ОшМУнун докторантура жана магистратурада билим алып жаткан окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Студенттер ректорду абдан жылуу маанайда тосуп алышып окуу жайдагы окуу шарттары, жашоо шарттары менен тааныштырышты. Ректор К.Кожобеков өз сөзүндө ОшМУну бүтүп чет элге чыгып билим алып жаткан студенттер менен сыймыктанарын билдирип, аларга окууларында ийгилектерди каалап, окууну мыкты аяктап өз мекенибизге кайтып келип өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошоруна ишенерин билдирди.

792 11:21 09-12-2019

                 

Новости

|< 1 >|