Новости

ОшМУнун ректору Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү иштери боюнча кеңешчиси менен жолукту

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү иштери боюнча кеңешчиси Харун Каржы жана “Томер” түрк тилин үйрөтүү борборунун Кыргызстандагы директору Ахмет Гөзүбол менен жолугушту.

Жолугушууда учурдагы билим берүүнүн абалы, алдыдагы пландар тууралуу сөз болду.

Алгач Кыргызстандагы элчисинин билим берүү иштери боюнча кеңешчиси Харун Каржы К. Кожобековду ОшМУнун ректору кызматына киришиши менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ОшМУнун мектеп-гимназиялары, алардын учурдагы иш аракеттери боюнча пикир алышышты.

Өз кезегинде К.Кожобеков тамыры бир эл катары бир туугандык мамиледе, билим берүү тармагында өз ара тажрыйба алмашып, ар дайым кызматташууга кызыктар экенин белгилеп өттү.
“Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде окуу жайлар ортосунда түрдүү программалар аркылуу ишке ашып жатат. “Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” катары таанылып, Кыргыз-Түрк алакасы жаңы тепкичке көтөрүлдү. Ал эми ОшМУда эки өлкөнүн билим берүү жана маданий байланыштарын бекемдеген Теология, Кыргыз-Түрк факультеттери, Арашан институту, “Ыйман” гимназиясы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Учура университеттин аймактарда 7 мектеп-гимназиялары бар. Алардын арасында “Билим” лицейи быйыл түптөлгөндүгүнүн 7 жылдыгын белгиледи. Жети жыл аралыгында окуучуларыбыз республикалык олимпиадалардан алдыңкы орундарды камсыздап, ЖРТдан алтын сертификаттын ээси болууда. Жалпысынан окуу жайда билим берүүнүн заманбап класстери ийгиликтүү ишке ашып жатат”,-деди.

Жолугушуунун алкагында өз ара кызматташтыктарды бекемдөө, буга чейинки пландалган жумуштарды аягына чыгаруу тууралуу сөз болду.

810 10:15 04-12-2019

                 

Новости

|< 1 >|