Новости

Эне тилге 30 жаш

2019-жыл-Кыргыз Республикасынын региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30 жылдыгына жана ОшМУнун 80 жылдык юбилейине карата 19-сентябрда “Мамлекеттик тил –улуттун жүзү, достуктун күзгүсү” аталыштагында майрамдык иш-чара Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана пропагандалоо;

Студент жаштарды мамлекеттик тилге, Мекенге болгон сүйүүсүн, урматтоосун өстүрүү, кыргыз тилинде туура, сабаттуу сүйлөй жана жаза билүүгө чакыруу;

Келечек муундарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу;

Студенттерди мамлекеттик тил арылуу көркөм сөз өнөрүнө, чечендикке тарбиялоо жана руханий маданиятын өстүрүү.

Иш-чаранын алкагында окуу жайдын адистиктер арасында төмөнкүдөй шартта: манас айтуу, көркөм окуу, бата берүү салты, улуттук бий, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда эне тилге, мекенчилдикке байланышкан обондуу ырларды аткаруу жана китеп көргөзмөлөрү, этнографиялык бурчтар уюштурулду.

Таланттуу студенттер, коюлган тапшырмаларга өзгөчө кызыгуу менен аткарып, унутта калып бара жаткан бата берүү жөрөлгөсүн жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Ошондой эле катышуучулар улуттук аспаптарда элдик ырларды аткарып, башка улуттун студенттери жогорку деңгээлде көркөм окуп, макал-лакап, жаңылмач айтышты. Окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамынан тарта жалпы студенттер улуттук кийимдерди кийип активдүү катышышты.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тил күнү өлкөбүздө жыл сайын 23-сентябрда белгиленет, 1989-жылы ушул күндө Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамына ылайык кыргыз тили мамлекеттик тил статусун алган.

1281 10:45 21-09-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|