Новости

Студенттер аскер турмушу менен таанышты.

2019-жылдын 7-май күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин 1-2-курсунун студенттери Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан аскердик бөлүккө экскурсияга барып келишти. Экскурсияда аскердик бөлүктө жайгашкан аскердик казарма, санитардык бөлүк, ашкана, аскер техникалары жана куралдар менен таанышып студенттер өздөрү да куралдарды кураштырып көрүштү. Иш-чаранын максаты студенттерди мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат жана Улуу Ата-мекендик согуштун 74 жылдыгына карата уюштурулду.
1366 14:25 07-05-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|