Новости

Мамлекеттик тилди окутуу жана андагы көйгөйлүү маселелер

2019-жылдын 20-майында ОшМУнун медициналык колледжинде Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын президенти Ө.Стамбаевдин жетекчилигинде ФББТ кафедрасынын доценти С.Давлетованын уюштуруусу менен “Мамлекеттик тилди окутуу жана андагы көйгөйлүү маселелер” деген темада семинар-жыйын өткөрүлдү. Ага Кыргызстандын түштүк аймагындагы медициналык колледждердеги кыргыз тилчи окутуучулар, ОшМУнун медициналык колледжинин директору К.Аттокуров, усулдук кеңештин төрайымы Ж.Бекматова, ФББТ кафедрасынын башчысы проф. С.Момуналиев ж.б. катышты. Азыркы учурдагы мамлекеттик тилдин абалы, жалпы кыргыз журтчулугундагы мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу жана сүйлөө маселелери жөнүндө доц. А.Айтманбетов баяндама жасады. Аталган маселе кызуу талкууга алынды. Аны менен катар, доц. С. Давлетова түзгөн медициналык колледждердеги кыргыз тили жана адабияты предметинин программасы жана мамлекеттик тилди окутууга байланышкан маселелер талкууланды. Жыйынтыгында, медициналык колледждердеги мамлекеттик тилди окутуунун деңгээлин көтөрүүгө багытталган бир нече алгылыктуу сунуш пикирлер айтылып, токтом кабыл алынды жана бекитип берүү жагы Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынан суралды.
1052 22:06 22-05-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|