Новости

Ош МУнун студенттик акыйкатчы аппараты: “Равные вожможности” коомдук бирикмеси университетте мыкты окуган, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге стипендия берет

Корея Республикасынын “Силоам” колдоо борборунун жардамы менен “Равные вожможности” коомдук бирикмеси университетте мыкты окуган, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге стипендия берүү үчүн конкурс жарыялайт. Стипендиянын өлчөмү 300$. Конкурска катышуу үчүн талаптар: 1. КРдин аймагындагы университеттердин биринде, күндүзгү бөлүмдө окуган 2-курстан жогорку студенттер жана магистранттар катышууга укуктуу (ЖОЖдун билдирүүсү менен); 2. Мүмкүнчүлүгү чектелгендигин тастыктаган медициналык документтин копиясы; 3. Эң мыкты окуусу зарыл (зачеттук китепченин, транскриптин копиясы керектелет); 4. Көрсөтүлгөн документтерди 2018-жылдын 6-майында саат 18:00гө чейин тапшыруусу абзел. Эскертүү: “Равные вожможности” коомдук бирикмесинен 2015-2016-2017-окуу жылдары жардам алган студенттер катыша албайт. Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ош МУнун башкы имараты, 219”б” каанасы. Тел: +996 773 03 97 14, +996 778 21 65 40
2549 20:02 02-04-2018

                 

Новости

|< 1 >|