Новости

Ыйман, Адеп, Маданият, адамгерчилик, Жашоо жана Чындык

Ыйман, Адеп, Маданият, адамгерчилик, Жашоо жана Чындык ü Жашоо өзүнөн-өзү жакшылыктын да , жамандыктын да очогу эмес: аны өзүңөр эмненин очогуна айлантсанар ошонун булагы болот. ü Адамдардын көпчүлүгү туура жашоого эмес, көп жашоого умтулат. Чынында, узак жашоо баарынын эле колунан келет, ал эми өз эркине же каалоосуна карап узак жашоо эч кимдин колунан келген эмес. ü Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы-жакшы тарбиясы. ü Адам канчалык адилет юолсо, ü адилеттүүлүктү ошончолук туура түшүнөт. ü Өз милдетин аткаруу кээде абдан кыйын болот, ü бирок аны аткарбай калуу андан да кыйын болот. ü Силердин араңардан эң жакшыраагыңар- адеп-ахлахы жакшы болгонуңар. ü Бири-бириңерден ажырабагыла. Анткени, короодон бөлүнгөн койдун көбү карышкырга жем болот. ü Кумурсканын уюгунан арыстан да айбыгат. ü Кетирген кемчиликтен уялба, өз кемчилигин сезүү-турмуштун мыкты сабагы, өзүн-өзү тарбиялоонун мыкты каражаты. ü Адам бактылуу болууга тийиш, бактысыз болсо өзүнөн көрсүн. ü Эне сүтүн актоо-өмүр бою кутулгус карыз. ü Жапа чеккен адамды көрүп туруп жалоорубаган адамды адам дешке болбойт. ü Башканын милдетин жакшы аткаргыча, жаман да болсо, өзүңдүн милдетиңдин өтөөсүнө чык. ü Пенде ойлонбой айткан сөзү үчүн тозоктун чыгышы менен батышанан да узак бир жерине ташталат. ü Кырсыкка акыл чыдайт, кайрат аны менен күрөшөт, сабыр аны жеңип чыгат. ü Турмушту ак ниеттиктен артык эч бир нерсе көркүнө чыгара албайт. ü Сөздү убагында айтуу кыйын, айтпай калуу андан да кыйын. ü Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. ü Адамдардын көпчүлүгүн бактылуу кылган адам бардыгынан бактылуу. ü Башкага бакыт издеген адам бакытка өзү дуушар болот. ü Көпчүлүктүн камын көргөн адам-адилет адам. ü Турмуштагы эң жаман окуя дагы биздин акылыбызга акыл кошуп, тажрыйба алуубуз үчүн болгон жашообуздун бир сюжети. ü Көздөгөн максатына жетүүгө умтулган адам тагдырды багындырууга аргасыз кылат. ü Ийгилик күн сайын кыйынчылыктарга туруштук берип, күрөшүүдөн келип чыгат. ü Улуу тоскоолдуктар болбой, улуу иштер жаралбайт. ü Пайдасыз жашоо-мезгилсиз өлүмгө тете. ü Акылдуу адам напсине ээ болгон жана өлүмдөн кийинки жашоосу үчүн аракеттенген адам. ü Акылдуу сөз эстүү адамдын жүрөгүнөн орун табат. ü Жаңылбаган адам болбойт, бирок, акмак гана жаңылыштыгын мойнуна албайт. ü Туура түшүнүп, туура кабыл алып кылынган бир иш туура кабыл албай кылынгын миң иштен артык. ü Араздашуу эч качан себепсиз болбойт, бирок араздашуу үчүн олуттуу себеп өтө сейрек. ü Эч качан өзүңөрдү алдабагыла, калп айтпагыла, дайыма чынчыл болбуга! ü Инсандын ичинде эң көп утушка ээ болгондор өмүрү узун жана жкшы амал кедтиргендер. ü Кырсык коркконго асылып алат да, кайраттуудан алыс качат. ü Кээде чындык ушунчалык жөнөкөй болгондуктан, ага дайыма эле ишене беришпейт. ü Бактылуу болгуң келеби-бактылуу бол! Баары сенин колуңда. ü Түбөлүккө өлбөйм десең сен эгер, Ачык сүйлөп,ак ишиңди кыла бер. ü Акылы көптүн жакыны көп. ü Биздин аң сезимибизде дүйнөнү оодарып жиберчү күч камтылган. ü Калп айткан киши өз бетин көөлөйт. ü Чыныгы балбан адам жинденгенде ачуусун токтото алгандар. ü Ачуу-акылсыздыктын башталган жери. ü Эки адам чатакташса, акылдуусу кнөөлүү. ü Адамдын жүрүм-турум мамилеси өзүн көргөзө турган күзгүсү болот. ü Тазалык-ыймандын жарымы. ü Кишини ичинен бил, ичинен биле албасан, ишинен бил. ü Адамга адам азаттыкты бере албайт: адам өзүн-өзү азаттыкка чыгарууга тийиш. ü Инсандарга зыян келтирбөө-эң жакшы амалдардан. ü Акмак да суйлөгөндө акылдуудай көрүнөт. ü Чындык-ишенбей койгондо да жок болбой турган нерсе.
2422 17:05 22-01-2018

                 

Новости

|< 1 >|