Новости

Ош МУнун студенттик акыйкатчы аппараты:

Бүгүн, Ош МУда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Кылым карытар бир күн", "Ак кеме" чыгармаларынын негизинде акыл таймашы болду. Таймашка университетибиздин ар бир факультетинен бирден студент катышты. Оюн 4 турдан туруп, жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчү жана анын ата-энеси Арстанбапка 3 күндүк эс алууга жолдомо алышты. 1-орун: Юридика факультетинин студенти Тообаев Байыш 2-орун: Табият таануу жана география факультетинин студенти Муратбек кызы Элиза 3-орун: Тарых факультетинин студенти Маматалиева Жумагүл Жеңүүчүлөргө университеттин атынан диплом ыйгарылды. Андан сыткары университетибиздин социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Колдошов Түмөнбай агайыбыз тарабынан китептер белекке берилди. Таймаштын негизги максаты студенттер арасында ынтымакты чыңдоо жана аларды китеп окууга кызыктыруу. Мындай иш-чара Ош МУнун студенттик акыйкатчы аппарат тарабынан ар ай сайын өтүп турмакчы.
2026 18:29 27-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 >|