Новости

"КЫРГЫЗСТАНДА ДИН ЖАНА ЖАШТАР"

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин 20 жылдыгына жана «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына» карата «Кыргызстанда дин жана жаштар» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция 24-апрель 2014-жылы Ош мамлекеттик университетинин ЧАЗында уюштурулду. Иш-чараны уюштуруунун негизги максаты – өлкөдөгү динге байланышкан маселелерде студент жаштардын пикир алмашуусу менен илимий көз караштарын өзгөртүү, дин жөнүндө туура маалыматты жайылтуу, жаштардын диний радикалдык жана экстремисттик агымдарга кирип кетүүсүнүн алдын алуу болуп эсептелет. Аталган илимий конференция коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу менен бирге жаштар арасында туура диний түшүнүктөрдүн калыптануусуна жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө чоң салым кошту деген пикирдебиз.
3489 11:51 25-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|