Новости

Азирети Мухаммед пайгамбарыбызга (с.а.в.) арналган поэзия конкурсу

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин 20 жылдык маарекесине жана Азирети Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарыбыздын «Куттуу жумалыгына» карата, теология факультетинин Осмон аль-Оший атындагы конференция залында Азирети Мухаммед пайгамбарыбызга арналган поэзия конкурсу болуп өттү. Күч сынашкан отуздан ашык жаш калемгердин поэзиялык талантын баалаган журилердин катарын Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Молдо Нияз сыйлыгынын лауреаты, белгилүү акын жана журналист Закирова Тазагүл, филология илимдеринин кандидаты, жазуучу жана журналист Исмаилова Ризван, теология факультетинин ага окутуучусу жана поэзия конкурсунун уюштуруучусу Жусубалиев Али жана «Ыйман» лицейинин аткаруучу директору, түрк тилинин мугалими, акын жана жазуучу Баты Латиф толукташты. Конкурсун натыйжасында, Азизилла уулу Иманбек 1-орунга, Шамырзаев Ильгизбек 2-орунга, Бакыбаев Абдимажит 3-орунга жана Каныбекова Назгүл кызыктыруучу сыйлыкка татыктуу болушту. Диплом жана сыйлыктар 24-апрелде өтүүчү «Куттуу жумалыктын» жыйынтыктоочу программасында тапшырылат.
4016 18:42 22-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|