Анонс

Теология факультети Азирети Мухаммед пайгамбарыбызга арналган поэзия конкурсун жарыялайт.

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин 20 жылдык маарекесине жана Азирети Мухаммед (с.а.в.) пайгамбарыбыздын «Куттуу Жумалыгына» карата, теология факультети Азирети Мухаммед пайгамбарыбызга арналган поэзия конкурсун жарыялайт. КОНКУРСТУН ШАРТТАРЫ: 1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны катыша алат 2. Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммедге арналган мазмундуу ыр саптары болуусу тийиш 3. Көлөмү жагынан чектөө жок 4. Ырлардын текстин тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 18-апрель 2014-жыл. 5. Ырлардын тексттерин төмөнкү электрондук дарекке жиберүүңүздөр тийиш: teolog20-jyl@mail.ru. 6. Конкурс 22-апрель 2014-жылы саат 14:00 дө теология факультетинин конференция залында өтөт. Катышуучулар комиссиянын алдында окуп берүүлөрү зарыл. Байланыш үчүн тел: (03222) 4-35-61 0773 50 71 81 дэ Конкурстун жыйынтыгында 1-орунга 5000 сом 2-орунга 3000 сом 3-орунга 2000 сом жана кызыктыруучу сыйлыктар берилет. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар 24-апрель 2014-жылы Ош МУнун башкы корпусунда жайгашкан ЧАЗында Азирети Мухаммеддин «Куттуу Жумалыгы» маарекесинде тапшырылат.
5898 08:27 26-03-2014

                 

Анонс

|< 1 >|