Новости

Теология факультеттеринин декандарынын кайрылуусу

Кыргызстандагы төрт теология факультеттеринин декандары ОшМУнун теология факультетинде кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул жыйында төмөнкү сунуштар кабыл алынды: Диний абалга мамлекет тарабынан маани берилип, колдоо көрсөтүлүшүн туура деп эсептейбиз. Коомдогу диний көйгөйлөрдүн алдын алуу механизмдери туура иштелип чыгуусу керек. Айрыкча, диний билим берүүнү жөндөөнү мамлекеттин колго алуусу жана бул процесске адистердин тартылуусу шарт. Бул максатта, мамлекеттик окуу жайлары катары төмөнкү сунуш менен кайрылабыз: 1. Диний абалды анализдөө, баа берүү жана ишке ашыруу процесстеринде атайын адистерден, окумуштуулардан турган комиссия түзүү – учурдун талабы. 2. Билим берүү жана илим министрлигинде диний билим берүүнү жөнгө салуу максатында түзүлгөн атайын комиссияга теология боюнча адистерден тартуу керек. 3. Диний билим берүү мекемелеринин окуу-программалары, ишмердүүлүктөрү билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көзөмөлгө алынуусу керек. 4. Орто мектептерде дин таануу сабагын киргизүү – учурдун талабы. Аталган шарттарды иш жүзүнө ашырууда теология факультеттери өз милдетин аткаруу менен жардамчы болууга даяр 21. 02. 2014 ж. ОшМУнун телогия факультетинин деканы: доц. Мырзаибраимов Самаган Кыргыз-Түрк «Манамс» университетинин теология факультетинин деканы: проф. Суат Жебежи И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы: доц. Бектуров Эрмек ОшМУнун Арашан теология факультетинин деканы: доц. Адем Чатак
3490 10:59 22-02-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|