Новости

Жугуштуу оорулардын алдын алалы

Алла Таала Куранда "арамды жебегиле жана жапайы табиятка кол салбагыла", "акыл калчап иш кылгыла"- деп көп жерде бекеринен айтпаган. Арам делген жандыктарды жебеш керек, аркандай жакын мамилелерге баруудан этияттануу керек. (Караңыз: Араф, 157-аят.) Анткени алардын организминде жашап жүргөн айрым вирустар инсандын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн. Өзү дин менен тунук акылга негизделген илимдин жолу бир болот. Буга батыштын "мен мен"- деген окумуштууларынын төмөнкү изилдөөлөрү, аныктамалары шайкеш келип турат; "Акыркы жылдары дүрбөлөң түшүргөн көп вирустар ЭБОЛА, ВИЧ, SARS, мына азыркы КОРОНАВИРУС бизге жаныбарлардан өткөн. (Мунун себептери катары)... адамзаттын жапайы табиятка болгон кол салуусунун күчөгөнү, ландшафтагы өзгөрүүлөр, жыйынтыгында кишилер мурда жолукпаган вирустар менен бет келүүдө. (Булак: Лондон университетинин профессору Кейт Жонс. "BBC NEWS кыргыз кызматы. 2020-жылдын 28-февралы).

1000 14:38 29-02-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|