Новости

Теология факультетинде жумуш берүүчүлөр менен жыйын болду

2019-жылдын 26-ноябрында ОшМУнун теология факультетинин базасындагы орто кесиптик билим берүү жана магистратура программаларынын максаттары, окутуунун натыйжалары, ар бир программа боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, бүтүрүүчүлөрдүн коомдогу орду жана тиешелүү тараптарлар менен кызматташуууну жогорку деңгээлге чыгаруу жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу максатында стейкхолдерлер менен жолугушуу болду. Жолугушууга Дин иштери боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Фархатбек Адилбек уулу, КМДБнын Ош облустук казыятынын казысы Самидин каары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулло ажы Сарыбаев, Араван районундагы Имам Бухарий медресесинин мүдүрү Сайипжанов Мухаммадусмон, ЭлФМ радиосунун директору Жалиев Таштемир, ЭлТР МТРКсынын продюсери Канатбек уулу Талантбек, Ош облустук казыятынын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жапашова Жамила, Уллуктук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн жеткечиси Турсунай Өмүрзакова, Сулайман-Тоо музей комплексинин жетекчиси Султанбек Абдырахманов, Ош шаардык билим берүү башкармачылыгынын адиси Руслан Закиров катышты. Жыйында орто кесиптик билим берүү, бакалавр жана магистратура программаларынын максаттары, окутуунун натыйжалары, максаттар менен окутуунун натыйжалары арасындагы айырмачылыктар такталып көрсөтүлдү. Ошондой эле ар программанын бүтүрүүчүлөрүнүн коомдогу орду, ар бир программанын бүтүрүүчүсүнүн багыттары аныкталып ар кандай сунуш пикирлер айтылды. Ошону менен биргеликте ар бир программанын окуу планы, дисциплиналарынын мазмуну жөнүндө талкуу болуп өттү. Жыйындын аягында конокторго теология факультетинен чыккан китептер таратылды.

1099 17:37 26-11-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|