Новости

2019-жылдын 28-июнь күнү теология факультетинде 2018-2019-окуу жылынын акыркы окумуштуулар кеңеши болуп өттү.

Окумуштуулар кеңешинин күн тартибинде бир канча маселелер каралып, факультетте жайкы сессия , МАКтын жыйынтыгы боюнча Кошубаева Сабина баяндама жасады. Кафедра башчысы А. Калбердиев кафедранын жылдык отчетун, илимий иштер жана тарбиялык иштер боюнча декандын орун басарларынын жылдык отчету угулду. Окумуштулар кеңешинде быйылкы окуу жылындагы ийгиликтер жана кемчиликтер талкууланып кийинки окуу жылына карата ар түрдүү сунуш пикирлер айтылды. Кеңештин жыйыны 2 саатка жакын созулуп, факультеттин деканы З. Ажимаматов окутуучулар жамаатына жайкы эс алууну жакшы өткөрүшүн тилеп, ийгилик каалады.
1381 16:31 29-06-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|