Новости

ОшМУда Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев катышкан илимий тегерек стол болуп өттү

20-июнда Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында унверситеттин илимий иштери боюнча проректору, профессор Кенжаев Идирис Гуламович модераторлугу менен «Ислам илимдери менен дүйнөлүк так илимдердин өз ара айкалыштары» аттуу тегерек стол өттү. Тегерек столдун негизги баяндамачысы Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев болду. Илимий иш чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Мурзабеков Исакбай, АКнин төрага орун басары Ниязали ажы Арипов, АКнин мүчөсү Абдумалик Турсунбеков, ОшМунун профессор окумуштуулары, Ош шаарындагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ММК өкүлдөрү жана дин таануучулар катышышты. Дин аалымдары менен окумуштуулардын башын кошкон нагыз илимий деңгээлдеги иш чара окуу жайдын тарыхында алгачкы саамалык катары өтүп жаткандыктан өз максатына ылайык абдан кызыктуу болду. Баяндамадан соң катышуучулардын динге байланыштуу суроолоруна төрага Абибилла Кадырбердиев жеткиликтүү жоопторду берип, өлкөдөгү жалпы диний абалга, элдин руханий, маданий жана социалдык карым-катыш маселелерине карата окумуштуулардын ойлорун, байкоолорун угушту. Окумуштуулар тарабынан айтылган диний жааттагы көйгөйлөрдүн жана сунуштартын айрымдары төмөнкүлөр: Бүтүрүүчүлөрдүн келечекте өз оокатын кылып кетүүсү үчүн медреселер мамлекеттик үлгүдөгү лицензия алса, медреседе окуган улан кыздарга кесиптик билим да берилсе, динди окутууда дүйнөбий илимдерди айкалыштыра түшүндүрүп, окуучунун дүйнө таанымын кеңейтүү жолго коюлса, коомдо дин менен илим бириксе гана ийгиликтер жаралат, дин таануу сабагын мектептерге киргизүү, музейлерге, саякат жайларына диний билими бар гиддерди ишке алуу, имамдар элге кайрылууда жана баяндарды айтууда кыргыз тилин жеткиликтүү сүйлөөгө аракет кылышса, дин илимдери светтик окумуштуулар чөйрөсү менен чогуу изилденсе. Жыйын соңунда тегерек столдун катышуучулары мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүүгө ынтызар экендигин билдиришти.
1263 17:56 21-06-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|