Новости

Дивани Хикмат китебинин бет ачар аземи болуп өттү

2019-жылдын 6-июнунда ОшМУнун теология факультетинде Ахмат Ясавийдин "Дивани Хикмат" китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чарага ОшМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков, аалымдар кеңешинин мүчөсү Мамасабыр Досбол уулу, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн башчысы, доктор, профессор Балтагул Нурунбетов, Мамлекеттик дин комиссиясынын түштүк бөлүмүнүн башчысы Ысакбай Камалов, Кыргыз республикасынын мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, ОшМУнун теология факультетинин доценти Ниязали Арипов, Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек Орунбеков, белгилүү дин аалымы Шамухаммад Шаюнус, аалымдар кеңешинин мүчөсү Анасхан ажы, Кыргыз Республикасынын жазуучулары союзунун мүчөсү, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жаныбеков Маматибраим ошондой эле теология факультетинин профессордук- окутуучулар курамы, белгилүү журналист, адабиятчылар катышышты. Иш-чараны теология факультетинин деканы, доцент Зайлабидин Ажимаматов алып барып, келген коноктор бир канча сөзгө чыгышып, китептин кыргыз коомчулугунан татыктуу орун таап кетээрин баса белгилешти. Кошумчалай кетсек, Ахмат Ясавийдин "Дивани Хикмат" китеби ОшМУнун теология факультетинин окутуучусу, доцент, аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязали Арипов жана аалымдар кеңешинин мүчөсү Мамасабыр Досбол уулу тарабынан которулду. Редактору теология факультетинин деканынын орун басары, доцент Абдулмежит Исламоглу. Аталган эмгек Түркиянын "Диянет" фондунун жана Ахмат Ясави университетинин колдоосу менен 3000 нускада басылып чыкты.

1385 22:29 06-06-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|