Новости

19-27 октябрдан баштап болгон иш чаралардын жыйынтыгы.

Медициналык факультетинде 19-27-октябрдан баштап болгон иш чаралардын жыйынтыгы. COVID-19га каршы күрөшүү туралуу 4-5-6-курстун студенттерине онлайн форматта сабактар өткөрүлдү. Мында студенттердин саны 500дон ашык болду жана алар өздөрүнө көптөгөн маалыматтарды ала алышты. 21-25-октябрдан баштап вертуалдык клиникада төмөнкү темалар боюнча студенттерге мастер класстар өтүлдү : 1. Медициналык манипуляция. (Медицинские манипуляции); 2. СИЗдин инструкциясы. (Инструкция по СИЗ); 3.Кечиктирилгис медициналык тез жардам. (Неотложная помощь, СЛР). Иш чарада "Жогорку билимдүү медайым" адистигинин студенттерине улуттук тренерлер өз тажырыйбасы менен бөлүштү. Алар Ариев Андеше, Киргизбаева Тамара, Исоходжаева Мадина, Ташиева Гульбара. Жыйынтыгында мастер класска катышкан 120 студент сертификатка ээ болушту.
966 11:25 31-10-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|