Новости

Урматтуу абитуриент!

Ош мамлекеттик университети Урал мамлекеттик медициналык университети менен келишим түздү. Келишим "Дарылоо иши", "Педиатрия", "Стоматология" адистиктери боюнча түзүлүп, 2020-2021-окуу жылынан баштап абитуриенттерди кабыл алууда. Кол коюлган келишимге ылайык программага кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жана УММУ тарабынан дистанттык формада өткөрүлүүчү сынактын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Конкурстан ийгиликтүү өткөн абитуриенттер бир эле учурда эки университетке тең кабыл алынат. “Дарылоо иши” жана “Педиатрия” адистиктериндеги студенттер Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 6 семестр 1 курстан 3 курска чейин, Урал мамлекеттик медициналык университетинде 6 семестр 4 курстан 6 курска чейин окушат. Ал эми “Стоматология” адистигинин студенттери Ош мамлекеттик университетинде 6 семестр 1 курстан 3 курска чейин, Урал мамлекеттик медициналык университетинде 4 семестр 4 курстан 5 курска чейин окушат. Окууну ийгиликтүү аяктаган студенттер кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.
1139 21:22 21-07-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|