Новости

ТТГФ: Алай районунда өткөрүлгөн ветеринария боюнча окутуу семинарына катышуу

2019-жылдын 15-октябрында Алай районунун Гүлчө айылында Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын техник-осеменаторлорун жана фермерлерин ири мүйүздүү малдарды жасалма жол менен уруктандырууну боюнча окутуу семинары болуп, ага ТТГФнин “ветеринария” адистигинин окутуучулары (Абдурасулов А.Х., Муратова Р. ж.б.) жана студенттери катышып келишти. Окутуу семинардын максаты Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда ири мүйүздүү мал баккан фермерлердин жана осеменаторлордун билим деңгээлдерин жогорулатуу жана малдарды сандан сапатка өткөрүүгө үгүттөө болду. Семинардын уюштуруучулары КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Мал чарба, асыл тукум иши жана илим бөлүмү, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти, “Бай Алай” долбоору болду. Иш-чарага ошондой эле КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, КР Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын ири мүйүздүү мал баккан фермерлер жана осеменаторлор, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары катышты.
1205 15:37 19-10-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|