Новости

ТТГФ: 6 окутуучу Швециянын Лунд университетинде окуп келди

2019-жылдын 18-25-август күндөрү факультеттин деканы, профессор А.Низамиевдин жетекчилиги астындагы команда Швециянын Лунд университетине болуп келди. Ага физикалык география, колдонмо геодезия жана ТТК кафедрасынын ага окутуучусу У.Камчиев, экономикалык география жана эл аралык туризм кафедрасынын окутуучусу Г.Момошева, эл аралык борбордун директору Р.Умаралиев, аспирант Г.Ергешова жана "туризм" багыты боюнча магистр К.Аматбеков кирди. Бул иш сапары Ерасмус+ программасынын «Борбордук Азияда курчап турган чөйрөнү коргоо: мейкиндик усулдарын колдонуу менен кырсыктар тобокелчиликтерин башкаруу” аттуу долбоордун алкагында курчап турган чөйрөнү коргоо жана табигый кырсыктарды башкаруу боюнча интернетке негизделген маалыматтар базасын окутуу тренингине катышуу үчүн уюштурулду. Бардык катышуучулар атайын сертификаттарга ээ болушту.
1017 18:13 03-09-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|