Новости

ФМО(м)-1-20 тайпасынын магистранты Жалилов Манас Араван райондук "Жылдын мыкты" мугалими болду

Араван райондук билим берүү бөлүмүндө «Жылдын мыкты мугалими-2021» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулканасынын усулчусу Зейнегүл Маманова маалымдады.

Сынактын 1-этабы мектептерде, 2-этабы айыл аймактарда, 3-этабы райондогу маданият үйүндө 2021-жылдын 2-апрелинде өткөрүлдү. Райондук турдун жыйынтыгында 1-орунду Кызыл-Талаа негизги мектебинин математика мугалими Манас Жалилов багындырды.

Байгелүү орундарды ээлеген мугалимдерге Араван райондук билим берүү бөлүмү тарабынан диплом жана Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн кесиптик кошуунунун төрагасы Бакытбек Абдилатович тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

406 09:05 03-04-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|