Новости

МИТ факультетинин Ташкентте окуган студенттерине сертификаттар тапшырылды

Окуу жайлар ортосундагы макулдашуунун негизинде математика жана информациялык технологиялар факультетинин 7 алдыңкы студенттери Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинде 23-февралдан 24-мартка чейин академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып келди. Эл аралык байланыштар департаменти аларга сертификаттарды расмий түрдө тапшыруу аземин уюштурду. Иш-чара академиялык мобилдүүлүк программаларын жайылтуу жана студенттерге стимул берүү максатын көздөдү. Директор Абдыганы Осмонович менен аталган факультеттин деканы Уланбек Адахимжанович, академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Семетей Манасович студенттер менен жолугушуп, алардын Ташкент шаарынан алган таасирлери менен бөлүшүшүп, аларды мындан ары дагы башка окуу жайларга барып тажрыйба алмашып келүүгө чакырып, сертификаттарды тапшырышты. Студенттер өз сөзүндө эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аббос Рахмоналиевич аларды жылуу тосуп алып, мейманкана тибиндеги жатаканага жайгаштыргандыгын, ректор, декан менен жолугушууларды уюштуруп бергендигин белгилешип, тажырыйба алмашуу жогорку деңгээлде өткөндүгүн билдиришти. Ошондой эле алар Өзбекстандын борбор шаарына болгон сапардан чоң мотивация алышкандыгын, алдыда чоң максаттарды коюшкандыгын кошумчалашып, студенттерге ушундай жагымдуу атмосфера түзүп, чет өлкөлөргө чыгуусуна шарт жаратып жаткандыгы үчүн жетекчиликке жана факультеттин жамаатына терең ыраазыылыктарын билдиришти.
380 11:27 30-03-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|