Новости

Ош МУ менен Нархоз университети онлайн жолугушуу уюштурду

9-март күнү саат 15:00дө Ош МУ менен Нархоз университети онлайн жолугушуу уюштурду. Жыйында академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу, кош дипломдуулук, биргелешкен билим берүү программаларын түзүү ж.б. маселелер жөнүндө сөз болду. Ош МУдан Эл аралык байланыштар департаментинин директору А.О.Абдувалиев, БиМ факультетинин деканы Т.М.Исраилов, МИТ факультетинин деканы У.А.Сопуев, Эл аралык байлаштар факультетинин деканы С.С.Ибраимова, Академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы С.М.Амиралиев катышты.

Нархоз университетинен Эл аралык өнүгүү жана өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Сагындыкова, Эл аралык программаларды иштеп чыгуу жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Б.Н.Аманкулова, Эл аралык программаларды иштеп чыгуу жана координациялоо департаментинин улук координатору А.Умбетова катышты.

481 09:18 10-03-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|