Новости

МИТ факультетинде-акыл таймаш

2021-жылдын 26-февралында ОшМУнун МИТ факультетинде “Акыл-таймаш” интеллектуалдык долбоору болуп өттү. Бул иш-чараны МИТ факультетинин, КМИжГД кафедрасынын окутуучусу Гаипова Сүйүта Адамзатовна “Долбоордук практикум” предметинин алкагында ПИЭ(б)-1-17 группасы менен чогуу уюштурган. Оюнда факультеттин студенттеринен түзүлгөн жалпы 9 команда катышты. МИТ факультетинин деканы, ф-м.и.к, доцент Сопуев У.А. жана КМИжГД кафедрасынын башчычы, ф-м.и.к,доцент Б.Азимов ж.б.окутуучулар катышып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сертификаттар тапшырылды. Практикалык сабактын жүрүшү студенттерге да долбоорлорду түзүүгө стимул берет деп ойлойбуз.

638 11:33 27-02-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|