Новости

МИТ факультетинин студенти КРнын президенттик стипендиясын алды

25-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты деп табылган 70 студентке президенттик стипендия тапшырды.

2019-2020-окуу жылында КРнын Президенттик стипендиясына Ош МУнун 2 студенти ээ болду. Алардын бири МИТ факультетинин 4-курсунун студенти Улукбек кызы Марина окууда жана коомдук иштерде эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп, студенттик курактын эң мыкты жеткен чеги болгон “Үмүт” стипендиясына ээ болду.

Президенттик стипендиянын ээси Улукбек кызы Маринаны жалпы МИТ факультетинин атынан куттуктап, окууларына ийгилик каалайбыз жана тарбиялап өстүргөн ата-энесине терең ыраазычылык билдиребиз!

744 09:37 28-12-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|