Новости

МИТ факультетине Андижандан ыраазычылык кат

Өзбекистан Республикасынын Андижан областынын Булак-Башы районундагы №29 кыргыз орто мектеби МИТ факультетинин жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылык кат жөнөттү.

МИТ факультетинин кызматкерлери тарабынан жалпысынан 72 китеп этникалык кыргыз окуучулар үчүн белек кылынган. Бул белектер этникалык кыргыздарды кыргызча китеп менен камсыздандыруу жана руханий тараптан азыктандыруу максатында жиберилген. Белектер өз ээлерине жетип, мектептин жетекчилиги тарабынан биздин факультетке ыраазычылык кат жиберди жана келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктоо сөздөрүн арнады.

860 14:10 25-12-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|