Новости

МИТ факультетинин кызматкерлери кыргыз тилиндеги адабияттарды белекке тартуулашты

МИТ факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын Алгебра жана Геометрия кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д. Гулбадан Матиева, ушул эле кафедранын улук окутуучусу Нина Сергеевна Селиванова жана МИОТжББМ кафедрасынын доценти, п.и.к. Аида Осконовна Келдибекова Андижан областынын Булак-Башы районундагы №29 кыргыз орто мектебинин окуучуларына 10000 сомдук кыргыз тилиндеги адибияттарды белекке тартуулашты.

Окуучулар үчүн Ч.Айтматовдун 10 томдук чыгармалар жыйнагын, “1111 Баш катырма”, “Манас”, “Семетей”, “Кыргыз тили боюнча ЖРТга даярдык” сыяктуу жалпысынан 72 китепти №29 кыргыз орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гулмирзаев Нодирбек Муйдиновичтен берилип жиберилди.

Эжекелерибизге узун өмүр, чың ден-соолук, чексиз бакытты каалайбыз!!! Ар дайым бар болуңуздар!!!
826 12:03 24-12-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|