Новости

2020-жылдын 16-май күнү саат 1330 да «Илим жумалыгынын» жана V илимий-практикалык конференциянын жабылуу аземи болду.

Алгач илим жумалыгынын алкагындагы доцент Т.М. Папиеванын «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясындагы жаңы өзгөртүүлөр, жаңы талаптар жөнүндө» темасында баяндамасы угулду. Баяндамада ЖАК КРде 2020-жылдын 30-апрелинде өткөрүлгөн президиумдун жарлыгындагы өзгөрүүлөр тууралуу кеңири айтылды. Мисалы, илимдин доктору окумуштуулук даражасын алуу үчүн 300 балл топтоо (Scopus же Web of science системаларынан 2 макала чыгаруу жана авторлукта биринчи үчилтикте болуу, о.э. 1 макаланы ЖАКтын электрондук журналынан чыгаруу), илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн 150 балл топтоо (импакт-фактору 0,1ден кем эмес болгон журналдардан 2 макала чыгаруу, 1 макаланы ЖАКтын электрондук журналынан чыгаруу), доценттик илимий даражага 150 балл топтоо (Scopus, Web of science системаларынан же импакт-фактору 0,1ден кем эмес болгон РИНЦтеги журналдардан 4 макала чыгаруу жана авторлукта биринчи үчилтикте болуу, о.э. 1 макаланы ЖАКтын электрондук журналынан чыгаруу, 2ден кем эмес окуу китептеринин жана окуу-методикалык эмгектердин болушу). Башка факультеттен да катышкан агай-эжекелер актуалдуу тема боюнча өз кызыккан суроолорун беришип, кеңири талкуу болду. Баяндаманын электрондук варианттагы презентациясы жалпы катышуучуларга таркатылды, электрондук даректерине, whatsappга, chatга ж.б. жөнөтүлдү.

Андан соң илим жумалыгынын өткөрүлүшү, андагы бардык секциялык иштердин жумушу боюнча декандын илимий иштери боюнча орун басары, доцент Н.С. Беделова жалпы отчет берди. Отчет презентацияда көрсөтмөлүү берилди, активдүү катышкандарды сыйлоо айтылды. Илим жумалыгына кафедралардан активдүү катышып, жакындан жардам берген координаторлорго ыраазычылыктар билдирилди. Жалпы факультет боюнча бардык кафедралардан ар бир секцияга катышып баяндама жасашкан окутуучуларга, конок-лекторлорго, студенттерге, магистранттарга жана аспиранттарга ыраазычылык билдирүү менен отчет жыйынтыкталды. Илим жумалыгынын жабылуу аземи концерттик программа менен коштолду.

Соңунда факультеттин деканы, доцент У.А. Сопуев “Илим жумалыгы” жана V илимий-практикалык конференция ийгиликтүү өтүп, максатына жеткенин белгилөө менен жумалыкты жаап берди.

1236 08:11 17-05-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|