Новости

Жалындап жанып турган МИТ факультет!

Жалындап жанып турган МИТ факультет!

Студентик мезгил, айрыкча ушул күз мен үчүн өзгөчө эстен кеткис болду. Анткени мен ички мобилдүүлүк боюунча 2019-жылдын 11-сентябрынан баштап ОшМУнун МИТ факультетинде окуй баштадым. Мен келгенден тарта жылуу мамилелерге курчалдым. Мен кайсы сабака кирбейин ар бир тайпанын студентеринин меймандостугун бааладым. Ошондой эле эмгекте билим менен жүргөн мугалимдердин эмгегин бааладым. Бул менин жашоомдогу өзгөчө учур болду. Бизге илимдин кандидатары, мыкты окутуучулар сабак берип жатышты. Мен 4 айдын ичинде ОшМУдан, анын ичинен МИТ факультетинен жан дүйнөмө өзгөчө таасирлерди алдым мен окуган ИК(б)-1-18 тайпасыда өтө мыкты тайпалардан экен. Мени бат эле өздөрүнө кошуп алышты. Мен көптөгөн жакшы досторду таптым. Менин жашоодогу эң соонун күндөрүм ушул жерде өттү десем жаңылышпайм!

Сый урматка ширелген ойлор менен МИТ факультетинин жалпы окутуучулар жамаатына терең ыраазычылык билдирем! Иштериңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Сиздерди терең урматтоо менен БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун 2-курсунун стуленти Чачыкей Мурзабек кызы!

19.12.19

1297 16:21 20-02-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|