Новости

“ЖОЖ менен мектептин кызматташтыгын өркүндөтүү аркылуу компетенттүү мугалимди даярдоо” аттуу илимий долбоорго катышкан мектеп мугалимдеринин отчеттору м

“ЖОЖ менен мектептин кызматташтыгын өркүндөтүү аркылуу компетенттүү мугалимди даярдоо” аттуу илимий долбоорго катышкан мектеп мугалимдеринин отчеттору мектептик иш-чараларда көрсөтүлө баштады

Түштүк регионалдык Жогорку окуу жайлардын методисттеринин ай сайын өтүлүүчү семинары, МИТ факультетинин МИОТжББМ кафедрасынын алдында жетекчиси профессор М.А.Алтыбаеванын демилгеси менен “ЖОЖ менен мектептин кызматташтыгын өркүндөтүү аркылуу компетенттүү мугалимди даярдоо” аттуу илимий долбоор уюштурган семинар-тренингдин натыйжалуулугун тастыктоо максатында Ош шаарындагы №3-М.Ломоносов атындагы мектеп гимназиясында 12-февраль күнү “Математика - царица всех наук...” аттуу математика боюнча 5-класстардын арасында таймаш болуп өттү. Таймашты “Математиканы окутууда жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын, предметтик стандартты, компетенттүүлүктөрдү калыптандыруучу технологияларды жана каражаттарды пайдалануу” аттуу сертификаттын ээси, мектептин математика мугалимиАбыталиева Айгерим уюштурду. Конкурста математиканы компетенттүү мамиледе окутуунун шарттарына ылайык тапшырмалар берилген. Конкурста математиканы окутууда жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын, предметтик стандарттын компетенттүүлүктөрдү калыптандыруучу технологияларыжана каражаттары пайдаланылды. 5-класстарда өтүлүүчү темалардын компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалары командалар үчүн тапшырма катары берилди.

Окуучулардын математиканын айрым темаларын өтүүдө калыптануучу компетенттүүлүктөрүн математика мугалими Абыталиева Айгерим сахнада таймашуу аркылуу калыптандырууга аракеттенгендигин байкадык. ОшМУнун МИТ факультетинин МИОТжББМ кафедрасынан педагогика илимдеринин кандидаты Тагаева Дамира эжеке конкурска калыстар тобунун мүчөсү катары катышып, семинар-тренингден алган билимдерин пайдаланып жаткандыгынын күбөсү болуп кайтты. Бул МИОТжББМ кафедрасынын, илимий долбоордун окуучулардын математика боюнча билим деңгээлинин сапаттуу болушу, мектеп мугалимдеринин алдыңкы тажрыйба менен математиканы окутушунун алгачкы жемиштери деп эсептейбиз.

1430 17:46 13-02-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|