Новости

Кыргызстандын Дата журналистика мектебинин өкүлдөрү Кыргыз-Түрк факультетинде

Кыргыз-Түрк факультетинин ПР менеджер адистигинин студенттерин Кыргызстандын Дата мектебинин тренерлери Алтынай Мамбетова жана Чолпон Узакбаева “Школа данных Кыргызстан” сайтын жана кыргыз тилиндеги беш модулдан турган онлайн курстарынын презентациясы менен тааныштырышты. Бир жарым саатка созулган презентацияда журналистиканын бул жаңы багыты студенттердин кызыгуусун жаратып, көптөгөн суроо-жооптор менен коштолду. Студенттерге дата журналистикасы боюнча жаралган суроолорго ар дайым жооп берүүгө жана кеңештерди берүүгө аталган мектептин тренерлери даяр экендиктерин билдирип, студенттерди кубандырышты. Алтынай Мамбетова белгилегендей бул презентация биринчи жолу ОшМУда башталып, мындан ары Бишкектин ЖОЖдорунда улантылмакчы.


1330 16:47 17-12-2018

                 

Новости

|< 1 >|