Новости

23-январь, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, п.и.к. Г.Мадаминов менен кезектеги онлайн-конок лекциясы өттү.

ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргызстанда алгачкылардан болуп автордук мектебинин негиздөөчүсү, Колумбия, Финляндия, РФ, Казакстан, Прибалтика өлкөлөрүндө эл аралык симпозиумдардын катышуучусу, 10 дон ашуун окуу китептеринин автору Мадаминов Гапыр Маматкул уулу агайыбыз ОшМУнун аспиранттары, магистранттары жана студенттери үчүн онлайн конок лекциялардын циклын өтүп келүүдө. Агайдын кезектеги №4 онлайн конок лекциясы 2021-жылдын 23-январында “Билим берүү мекемелеринде гуманитардык сабактарды өтүүдө АЭМ (акыл эсинин маданияты)” деген темада болуп өттү. Бул иш чарага ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобеков, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттери, магистранттары жана республикабыздын ар тарабынан мектеп мугалимдери катышышты. “Конок лекция суроо-жооптор менен коштолуп, жалпы катышуучулар сабактын жүрүшүндө өз ишмердүүлүгүнө керектүү маалыматтарды ала алышты. Буйруса бул саамалык дагы уланат. Анткени Г.Мадаминов агайыбыз онлайн конок лекциялардын циклын жалпы 10 темада өтүп бермекчи”, -деди Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы С. Арстанов.
467 12:01 25-01-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|