Новости

28-октябрь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде ZOOM платформасында онлайн форматта Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата “Исхак Раззаковдун кыргыз тарыхындагы орду жана ролу” аттуу илимий конференция болду.

28-октябрь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде ZOOM платформасында онлайн форматта Кыргыз элинин чыгаан инсаны, улуттук лидер, улутубуздун журт атасы, улуу кеменгер, коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата “Исхак Раззаковдун кыргыз тарыхындагы орду жана ролу” аттуу илимий конференция болду. Конференция факультет тарабынан уюштурулуп, анда чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканынын м.а., т.и.к., доцент С.А.Арстанов ачып берди. Ошондой эле, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, мед. и.д. профессор Б.З.Осумбеков, ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М.Анарбаева, конок катары И.Раззаковдун жээнинин баласы Артыков Бактыбек Ашимович, И.Раззаков фондунун жетекчиси Осмонов Замирбек Бабакулович, И.Раззаков фондунун мүчөсү Исманов Султан Исманович куттук сөздөрүн айтышып, эскерүү жасашып, конференциянын ишине ийгиликтерди каалашты. Конференциянын жүрүшүндө т.и.к., доцент С.А.Арстанов “Исхак Раззаков – ХХ кылымдагы улуттук лидер” деген темада көргөзмөлүү презентациясы (слайд) менен маанилүү жана маныздуу баяндама жасады. Андан сон, Лейлек райондук маданият бөлүмүнө караштуу музейлер комплексинин улук кызматкери Н.Сулайманова “Кыргыздын улуу уулу И.Раззаковго 110 жыл. Өрнөктүү өмүргө таазим” деген темада баяндама жасап, ал музейге саякатты онлайн режимде (видеоролик) көрсөтүп берди. Жыйынтыгында, жарыш сөздөр жана талкуу жүрүп, конференция максатына жетти.
798 21:00 28-10-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|