Новости

1-сентябрь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультети Билим күнүн белгиледи... Майрамыңыздар менен!!!

1.09.2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде 1-курска кабыл алынган студенттер үчүн ZOOM платформасы аркылуу Билим күнү уюштурулду. Иш чарага ректорат тарабынан бекитилген куратор проректорлор, кафедра башчылары, структура жетекчилери, факультеттин жамааты, студенттер катышышты. Факультеттин деканы, т.и.к., доцент Арстанов С.А. жана ал жетектеген жамаат жаңы окуу жылынын башталышына карата куттуктоолорун айтышты. Ошондой эле, факультеттин жетекчиси өз сөзүндө факультеттин материалдык-техникалык базасы, профессордук-окутуучулук жамааты менен тааныштырды. Окуу жайыбыздын босогосун аттап жаткан 1-курстун студенттери үчүн ОшМУнун тарыхы, жетишкендиктери, келечек пландары, максаттары, миссиясы камтылган маалыматтар менен тааныштырылды. Подключиться к конференции Zoom https://us04web.zoom.us/j/4834452991?pwd=MnhHMlpqN0VCcnk2N082WnRQWFBuZz09
847 15:00 01-09-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|