Новости

22-май, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетининде доцент Ибраев Алмаз Орозакунович онлайн-конок-лекция өттү.

22-май, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетининде доцент Ибраев Алмаз Орозакунович онлайн-конок-лекция өттү. ОшМУнун 80 жылдыгына карата ОшМУнун чыгыш таануучуларынын демилгеси жана уюштуруусу менен 22-майда саат 11:00 дө ZOOM платформасы аркылуу ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинде “Чыгыш таануу, африканистика” жана “Котормо жана котормо иши” адистигинин студенттери жана окутуучулары үчүн онлайн-конок-лекция өттү. Конок лектор - Чыгыш университетинин (азыркы Эл аралык Кувейт университети) мурдагы ректору, Эл аралык билим берүү жана изилдөө борборунун негиздөөчүсү жана директору, арабист, саясий илимдердин кандидаты, доцент Ибраев Алмаз Орозакунович. Конок лекциянын темасы – “Кыргызстандын араб өлкөлөрү менен дипломатиялык кызматташтыктары: учурдагы абалы жана келечеги" деген темада ZOOM платформасы аркылуу онлайн-конок лекция өтүп берди. Лекция кызыктуу болуп, конок лектор студенттер менен окутуучулардын суроолоруна жооп берди. Лекторго ыраазычылык билдиребиз жана ийгиликтерди каалайбыз.
957 16:22 22-05-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|