Новости

29-апрель, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде PhD доктор Руслан Рахимов ZOOM платформасында онлайн-конференцияга катышты.

29-апрель, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде PhD доктор Руслан Рахимов ZOOM платформасында онлайн-конференцияга катышты. Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинде “2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата 27-30-апрелге пландаштырылган илим жумалыктары уланууда. Жумалыктын алкагында 29-апрелде ОшМУнун Эл аралык байланыштар департаментинин колдоосу менен Борбордук Азиянын Америка университетинин “Социалдык илимдер” бөлүмүнүн “Антропология” факультетинин доценти, философия илимдеринин доктору, PhD Руслан Рахимов ZOOM платформасында факультеттин жалпы профессордук-окутуучулук курамы, студенттери жана магистранттары үчүн онлайн конференция уюштурду. “Орусия Федерациясына кыргызстандыктардын миграциясынын контекстинде Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндө риторикалар” ("Риторика о Второй Мировой Войне в контексте миграции кыргызстанцев в РФ") деген темада өтүлгөн онлайн лекцияга 70 тен ашуун угуучу катышты. Онлайн-конференция суроо-жооп, кызуу талкуулар менен коштолду. Угуучулар улутту куруу, Советтер Союзунун кулашы адамдардын өз мамлекети тууралуу жаркын элестерин кантип өзгөрткөнү жана кантип сезимдердин маданий тарыхы менен Улуу Ата мекендик согуш жөнүндө жамааттык эскерүү эмгек мигранттары үчүн символикалык “платформаны” түзүп жатканы тууралуу биле алышты. Андан соң лекциянын катышуучулары суроолорду узатып, пикир алмашышты. Талкуулар түрдүү темаларда болду, мисалы, Улуу Ата мекендик согуш жөнүндө жаркын элести сактоодо Өлбөс полктун ролу кандай, ошондой эле, кантип башка символдор менен окуялар Борбордук Азиянын тигил же бул өлкөлөрү тарабынан колдоого алынып жатканы сыяктуу темалар. Талкууга алынган темалардын бири Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын 10-15 жылдан кийинки тагдыры жана жалпы тарыхыбыз, анын ичинде Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилине таандыгы да, аларга карата Орусияда дискриминацияны төмөндөтүүгө канчалык таасир этүүсү болду. Мындай саамалыктар факультетте байма-бай өтүп туруусу пландаштырылды. Онлайн конференциянын видео материалды факультеттин социалдык баракчаларында да жайгаштырылды. https://us04web.zoom.us/j/75849620954?pwd=NytYTUtGZm4wVmRJbXhRa0FZdk5Ydz09
1012 16:23 01-05-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|