Новости

Ата-энелер менен жолугушуу.

Бүгүн Ош МУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинде 550700 "Башталгыч билим берүү" адистигинде окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты окуу жай менен ата-энелердин ортосундагы тыгыз байланышты түзүү, алардын ой-пикирин угуу, окуу жай менен кыскача тааныштыруу. Чогулуш 18-февраль күнү саат 14:00 дө 121-каанада башталды. Декандын окуу иштери боюнча орун басары А.Багышев жана 550700 "Башталгыч билим берүү" адистиги боюнча программа жетекчиси Т.Тойчуевдер ата-энелердин суроолоруна кенен жооп беришти. Атайын даярдалган сурамжылоо баракчаларын толтурушуп, жалпысынан жолугушууга 60 дан ашуун ата-эне катышты. Жолугушуунун акыркы бөлүгү экскурсия менен жыйынтыкталды. Келген ата-энелер факультеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты. Спорт комплекси, интерактивдүү аудиториялар, жатакана, лекциялык залдар ж.б заман талабына жооп берерин белгилеп айтып, ыразычылыгын билдиришти. Негизинен бул жолугушууга алыс жакын дебестен ар тараптан келип катышып беришти.
1085 17:25 18-02-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|