Новости

ОшМУнун «Эң мыкты студенттик акыйкатчысы» сынагынын жобосу

ОшМУнун «Эң мыкты студенттик акыйкатчысы» сынагынын жобосу

1. Жалпы жобо

1.1. Сынак ОшМУнун факультет, колледждеринин студенттик акыйкатчыларынын ортосунда жүргүзүлөт.

1.2. Сынак факультет, колледждериндеги студенттик өзүн өзү башкаруу ишин өнүктүрүүнү, студенттик акыйкатчылардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу, аларга стимул берүү, студенттердин ишенимин арттырууну максат кылат.

2. Сынакты өткөрүү тартиби

2.1. Студенттик акыйкатчылар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

Көрсөткүчтөр

Упайы

Норматив-дик базасы

Факультеттин студенттик акыйкатчы аппараты жөнүндөгү жобосу;

Факультеттин студенттик акыйкатчы аппаратынын структурасы (өкүлдөрү) жөнүндөгү жобосу

10

Иш планы

Студенттик акыйкатчы аппаратынын иш планы, сапаты, бекитилгенби;

10

Укуктук багыттагы иштердин аткарылышы

Стдуденттик акыйкатчы аппаратынын структуралык курамы, иш-аракеттери:

Студенттик акыйкатчыга түшкөн арыз, даттануулардын саны жана анын жыйынтыгы

10-50

Студенттерди атайын адистер менен укуктук мазмундагы темада жолугушуу өткөрүү(ар бир жолугушуу үчүн 20)

20

«Брейн-ринг» акыл таймашын өткөрүү(баардык суроолор студенттерди укуктук жактан агартууга, интеллектуалдык өнүктүрүүгө түрткү болуусу зарыл)

30

Дискуссиялык клубдарды түзүү, (эки айда бир жолу укуктук мазмундагы дискуссия уюштуруу)

20

Дебат клубун түзүү (клубдун мүчөлөрүнүн тизмеси). Эки айда бир жолу укуктук маанидеги дебаттык мелдештерди уюштуруу (дебаттын темасы жана жарыясынын көчүрмөсү);

30

Коррупцияга каршы натыйжалуу иш аракеттери

10-40

Сессия учурунда паракорчулукка каршы кескин, натыйжалуу иш аракети

10-30

Студенттин укугунун бузулушун алдын алуу, укуктук жактан коргоо жана укуктук жактан агартуу боюнча долбоорлорду ишке ашырса

10-30

Студенттерге ар түрдүү маселелер боюнча анкета жүргүзүү, алардан жыйынтык алып жетекчиликке жеткирилсе

10-40

Студенттик акыйкатчынын социалдык коргоо иштери (факультеттеги турмуш шарты өтө оор, ата-энеси жок, майып студенттердин тизмесин тактоо жана аларга университет тарабынан берилүүчү жардамдарды көзөмөлдөө, кайрылуу, жеткирүү)

10-40

Факультетте өткөрүлгөн студенттерди укуктук жактан агартуу, өнүктүрүү жана алдын алуу иш-чаралары (ар бир иш чарага 10-40га чейин упай берилет);

10-40

Университеттик деңгээлде уюштурулган студенттердин укуктук жаатындагы иш чараларга факультеттин катышуусу (ар бир иш чарага 50дөн студент катышса 10 упай берилет)

10

Студенттик акыйкатчы тарабынан уюштурулган иш-чараларды университеттик, шаардык, облустук массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу

10-30га чейин

Студенттик акыйкатчынын жүрүм-туруму, өзүн алып жүрүүсү, ички маданияты, жекече сапаттары (ОшМУнунун студенттик акыйкатчысы жана анын орун басарынын баа берүүсү)

10-30га чейин

Студенттик акыйкатчынын жаңы технологияларды өздөштүрүүсү (Интернет мүмкүнчүлүктөрүн билүүсү жана пайдалануусу)

10-20

Студенттик акыйкатчынын билимин баалоо (зачеттук китепчесиндеги бааларын салыштыруу жолу менен)

10-20га чейин

Студенттик акыйкатчынын университеттик жыйындарга үзгүлтүксүз катышуусу

30

Факультеттин студенттик акыйкатчысынын старосталары жана өкүлдөрү менен айына бир жолку иштиктүү жыйыны(ар бир жыйынга 10 упай, жыйындын күн тартибинин көчүрмөсү);

10

Университеттик деңгээлде өткөрүлгөн укуктук маанидеги дебат, дискуссия, брейн-ринг ж.б.у.с. конкурстарда факультеттин командалары ийгиликке жетишсе:

1- орунга

25

2-орунга

20

3-орунга

15

Акыйкатчы бурчунун уюштурулушу (өзгөчөлүгү, эффективдүүлүгү)

10

Эскертүү: Ректорат, департамент жана университеттин студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан берилген иш-тапшырмалар аткарылбаса, топтогон упайынан кемейтилет.

1765 17:46 10-05-2018

                 

Новости

|< 1 >|