Новости

Студенттик акыйкатчы аппаратынын ишмердүүлүгү

“ЖЕТЕКЧИ МЕНЕН БИР СААТ” аттуу жолугуушу

Ишмермүүдүлүктүн багыты, максаты:

v Студенттердин үнүн жетекчиликке жеткирүү;

v Университетибиздин кызматкерлери менен студенттерибиздин эркин пикир алмашуу аянтчасын түзүү;

v Студенттер арасында жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү;( Жолугушуу эркин форматта болуп, жетекчи менен студенттерде жаралган көйгөйлөрдү чечүү, жол көрсөтүү жана университеттин мындан ары өнүгүүсүнө карата студент жаштарыбыздын орду, ошондой эле ой-пикирлерин угуу максатында бир саат ой бөлүшө алат).

v Коррупциянын алдын алуу;

v Студент менен жетекчиликтин ортосунда көпүрөлүк милдетти аткаруу;

v Өнүккөн мамлекеттердин өнүгүү тарыхын жана цивилизациясынын очогу менен тааныштырып, студенттерде каалоо, эңсөө сезимдерин жандандырып,

позитивдүү жашоого үндөө;

v Студенттерди билимдүүлүккө, адамгерчиликке жана мекенчилдикке, тарбиялоо;

v Студенттердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу;

v Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын түзүү;

v Моралдык дем берүү жана укуктук жактан тарбиялоо:

v Студент жаштарыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүнө керектүү деп эсептелген бардык мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу менен аң-сезимдүү, ыймандуу, жароокер улан-кыздарды тарбиялап, студенттер арасында дебат-дискуссия, акыл таймаштарынын түрлөрүн жана ийгиликтүү инсандар менен студенттердин жолугуушусун байма-бай уюштуруу менен (тажрыйба бөлүшүү) интеллектуал, намыскөй жана билимдүү жаш кадрларды коомчулукка даярдап берүү: ( Сизде окуу-тарбия, коррупция, тонтракт ж.б. маселелер боюнча суроолор пайда болуп, кимге кайрылышыңызды билбей жатсаңыз, анда ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты “Жетекчи менен бир саат” аттуу жолугуушуга чакырат!)

v Ишке ашыруунун жолдору:

ü Ар бир айда бир жолу студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулуп, студенттердин сунушун эске алуу менен жолугушууга университетибизде эмгектенген жетекчилерди “Жетекчи менен бир саат” долбооруна чакыруу;

ü ОшМУнун окуу имараттарында жайгашкан конференция залдарынын бирин жолугушуу боюнча атайын белгилүү бир убакытка бошотуу жана керектүү каражаттар менен камсыздоо.

“Педагогикалык ачык сабак” видео долбоору

Ишмердүүлүктүн багыты, максаты:

Педагогикалык ачык сабактын максаты

· Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу;

· Коомчулукту түрдүү билимдердин тармактары боюнча кабардар кылуу;

· Окутуудагы креативдүү, инновациялык, интерактивдүү усулдарды көрсөтүү;

· ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын коомчулук алдындагы кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу;

· Студенттин билим алууга кызыгуусун арттыруу;

· Билимдүү студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү;

· Билимди жана билимдүүлүктү даңазалоо:

· Педагогикалык жоопкерчиликти жана студенттердин укук-милдеттеринин аткарылуусун көзөмөлдөө менен бирге сабакта кошумча көрсөтмөлөрдү колдонуу жана студенттер менен сабак учурунда өзгөчө мамилени түзө алган жылдын эң мыкты мугалимин о.э. сабактарына мыкты даярдануу менен келип, сабакка активдүү катышып, жолдошторунан аракети жана билимге болгон кызугуусу менен айырмаланган жылдын мыкты студентин аныктоо.

v Ишке ашыруунун жолдору:

“Үмүт” телестудиясы менен биргеликте ишке ашыруу (видеокамера менен камсыздоо):

“Жаш кесипкөй” студенттик интеллектуалдык брейн-ринг билимдүүлөр таймашы

Ишмердүүлүктүн багыты, максаты: Таймашты уюштуруунун максаты:

· Кесипке багыт берүү;

· Студенттердин билим алууга кызыгуусун арттыруу;

· Студенттерге улуттук дөөлөттөрдү таанытуу;

· Билимдүү студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү;

· Билимди жана билимдүүлүктү даңазалоо;

· ОшМУнун студенттеринин арасынан интеллектуалдык деңгээли жогору студенттерди тандап алуу (суроолордун 80% адистигине байланыштуу түзүлөт):

vИшке ашыруунун жолдору:

v Таймаш боюнча студенттерге маалымат берүү;

v Ар бир факультеттен тандалып алынган студенттин өзүнүн гана кесибине(адистигине) байланыштуу суроолорду түзүү;

v “Жаш кесипкөй” таймашына билимдүүлүгү менен айырмаланган студентти ОшМУнун факультеттер аралык таймашына даярдоо. (Буга ошол факультетте окуткан окутуучусу жооптуу болууга тийиш);

v Жеңүүчү деп аталган студентти агай-эжейлери, ата-энеси жана күйөрмандары менен биргеликте факультеттер аралык өтүүчү “брейн-ринг” таймашына алып келүү;

v “Брейн-ринг” интеллектуалдык таймашын башкы имаратта чоң актылык залында (БАЗ) өткөрүү;

v Керектүү структуралар менен иш алып баруу:

“Бирге тв көрөбүз” долбоору

Ишмердүүлүктүн багыты, максаты: Долбоордун максаты:

Ä Тасмалар - адамдын кадыр-баркынын бийик турушун жана мыйзамдын улуктугун таанытып, көпчүлүктү бир пикирге келүүсүн шарттоо менен көйгөйлөрдү чечүү, аң сезимди ойготуу үчүн мыкты жолдордун бири.Тасмаларды көрүп болгон соң, көрүүчү өз укугу үчүн күрөшүү керек экендигин, бирок ошол эле учурда башкалардын да укугун бузганга болбостугун түшүнүп, адамдын кадыр-баркы үстөмдүк кылаарын ырастайт. Иш-чаранын жүрүшү ар бир көрүүчүгө өз оюн билдирүү, ар кандай ойлорду талкулоо, өз жарандык позициясын бекемдөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Ä Тасмалар аркылуу укук-милдеттерибизди чагылдуруу менен гана чектелбестен деги эле адам баласынын төрөлгөн күндөн ыйгарылган эркиндикти тандоо мүмкүнчүлүгүн туура жана ак ниет пайдаланышы керек экендигин түшүндүргөндүгү, эң негизгиси сапаттуу маалымат алуунун канчалык маанилүү экендигин тастыкайт.

Ä Өнүккөн мамлекеттердин өнүгүү тарыхын, цивилизациясынын очогу менен тааныштырып, студенттерде каалоо-эңсөө сезимдерин жандандырып, позитивдүү жашоого үндөө;

Ä Укуктук, документалдык, патриоттук, илимий ж.б.у.с. тасмаларды көрсөтүү менен укуктук аң-сезимдүүлүктү жогорулатып, колдоно билүүсү менен студенттин өз алдынчалуулугуна көмөк көрсөтүү;

Ä ОшМУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан студенттер үчүн зарыл деп эсептелинип, студент жаштарыбызды ар тараптуу өнүктүргөнгө чоң жардам берип, коомчулуктун кызыгуусун жылдан жылга арттыруу менен шааардык деңдээлдеги уюштурулуп жаткан тарбиялык мааниси чоң, таасирдүү иш-чараларга(“Стилдүү студент”, “ОшМУ мырзасы”, “ОшМУ периси”, “Идеалдуу түгөй”) 500го чамалуу студенттерибиз көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, арбыны жогоруда аталган иш-чараларды көрө албай калышат.Мына ушул маселени эске алуу менен аталган иш-чараларды студенттердин кайсы бир тобуна көрсөтүүгө жетишип, патриоттук көркөм тасмаларды,

Ä кыска метраждуу видео-роликтерди, терең маанини камтыган кинолорду көрсөтүү менен биргеликте жүрүм-турумдун, адеп-ахлактуулуктун, нравалуулуктун жогорку деңгээлин калыптандыруу.

Ä Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу;

Ä Жалпы студенттерге мырзалыктын мыкты үлгүлөрүн көрсөтүү;

Ä Студенттердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу;

Ä Студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо.

Ä Кыздардагы сулуулуктун, аруулуктун, наздуулуктун жана акылкөйлүктүн үлгүлөрүн көрсөтүү;

Ä Cтудент жаштардын эстетикалык табитин арттыруу;

Ä Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу;

Ä моралдык дем берүү;

Ä Коомдук аң сезим коррупцияга өзгөчө каршы турушу керек. Баарыбыз бириккенде гана биз бул маселеге каршы туруп, натыйжалуу көрсөткүчкө жете алабыз.Тасмалар укук-милдеттер боюнча билимдерди кеңейтип, туура эмес маалыматтардан калкалай алат.

v Ишке ашыруунун жолдору:

ü Акыйкатчы институттар менен биргеликте иш алып баруу;

ü Ар бир айда эки жолу (патриоттук, улуттук, логикалык,укуктук, илимий, корком тасмалар ж.б.у.с.)кинолор тандалып, студенттерге сунушталат;

ü Долбоор массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат;

ü Көрсөтүлгөн тасма боюнча кыскача ой-пикир алмашуу;

Алдыга коюлган план: Ош шаардык акыйкатчы институту менен биргеликте шаардык деңгээлде “Адам укуктары” аттуу акция уюштуруу;

Акциянын максаты:

Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында көрсөтүлгөн “Адам укуктары жана эркиндиктери” боюнча жалпы маалыматтарды шаар тургундарына таркатуу жана суроолоруна канааттандыраарлык жооп кайтаруу.

v Ишке ашыруунун жолдору: Акыйкатчы институттары менен, укуктук жардам көрсөтүү борбору менен биргеликте ишке ашыруу.

“Студент мугалимдин көз карашы менен” аттуу факультеттер аралык видео сынагын уюштуруу

Ишмермүүдүлүктүн багыты, максаты:

Студенттер мугалимдин көз карашында студенттен эмнени күтөөрүн өздөрү ойлонуп жана алар эмнеге милдеттүү экенин, ошону менен бирге студенттер эмне менен алек болуш керек экендигин өздөрү далилдешип, өздөрүнө өздөрү мугалим катары баа берүүгө жетишет. Студенттер өздөрүнүн ошол менен биргеликте өзгөнүн да укук-милдеттерин бузбоого багыт алат.

v Ишке ашыруунун жолдору:

ü Факультеттерге маалымат таркатуу;

ü Жеңүүчү командага сыйлоо баракчаларын даярдоо:

Студенттик акыйкатчы аппаратынын интернет желесине атайын приложениесин жайгаштыруу

Ишмердүүлүктүн багыты, максаты:

Студенттик акыйкатчы аппаратынын интернет желесине атайын приложение орнотуп, ал жерде студенттер онлайн тестирлөөгө катыша алат. Онлайн тестирлөөнүн жыйынтыгын Ош МУнун ректору, Ош МУнун коррупциянын алдын алуу боюнча төрагасы жана Ош МУнун студенттик акыйкатчысы гана көрүү мүмчүлүгүнө ээ болот. Кайрылуучулар студенттерге тиешелүү болгон бардык маселелер боюнча өз ойлорун, сунуш-пикирлерин калтырышат. Аталган приложение студенттер үчүн Ош МУда болуп жаткан жаңылыктардын жана маалыматтардын кампасы болуп бере алат.

v Ишке ашыруунун жолдору:

ОшМУнун IT академиясы жана Математика жана информациялык технологиялар факультетинин программалоо кафедрасы менен биргеликте ишке ашыруу.

2115 23:43 10-05-2018

                 

Новости

|< 1 >|