Новости

Россотрудничество ОшМУнун китепкана фондуна 8 томдукту тапшырды

22-июнь күнү Ош мамлекеттик университетинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү күнүнө карата Совет маалымат бюросунун 1941-1945-жылдардагы материалдарын негизинде жарык көргөн 8 томдук китепти тапшыруу аземи болуп өттү. Бул баа жеткис эмгек Россиянын Ош шаарындагы илим жана маданият борборунун жетекчиси В.Н. Алексеев тарабынан ОшМУнун илимий китепканасынын фондуна белек катары тапшырылды. Бул жыйынга Россия федерациясынын Ош шаарындагы Генконсульствосунун өкүлү Н.В. Мещеряков дагы катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал эми ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору ф.-м.и.к., доцент А.О. Абдувалиев жыйынды өзү алып барып, кыргызстандыктардын Улуу Жеңишке кошкон салымы жөнүндө айтып берип, мындай уникалдуу басылманы тапшырып жаткандыктары үчүн Россотрудничествонун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Иш-чарага ректорат өкүлдөрү, окутуучулар жана илимий китепкананын кызматкерлери катышышты.
2307 14:39 22-06-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|