Новости

Тажикстандын консулу ОшМУда конокто

Эл аралык байланыштар бөлүмү тартуулайт. Бүгүн ОшМУга Тажикстандын Кыргызстандагы консулу Нурова Наргиз Искандеровна жана Ош облусу жана Ош шаары боюнча иш алып барган тажик маданий борборунун президенти Алиназаров Хамимназар мырзалар келим бул жерде окуп жаткан тажикстандык студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун максаты студенттерден кабар алып, ал-абалын суроо, алардын көйгөйлөрү менен жакындан таанышуу, аларды жаңы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу ж.б. болду. Жыйынды ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору ф.-м.и.к., доц. Абдувалиев Абдыганы Осмонович ачып берди жана тажиктер менен кыргыздар өтө көп жалпылуулуктарга ээ, ынтымакта коңшу жашап жаткан эл экендигин белгилеп өттү. Андан кийин конокторго сөз берилип, алар студенттердин окууларына ийгиликтерди каалашып, Тажикстанда Кыргызстандан алган билим жогору баалана тургандыгын баса белгилешип, жолугушууну уюштуруп бергендиги үчүн университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. Эскерте кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө куттуу окуу жайыбызда 211 тажик улутундагы 300гө жакын тажикстандык студент окуйт жана алар университеттин маданий-массалык, спорттук иш-чараларына активдүү катышышат. ОшМУнун Тажикстандагы бир катар окуу жайлар менен байланышы бар. Анда эмесе билим-илимдин очогу, чет өлкөлүк студенттердин сыймыктуу окуу жайы болгон ОшМУ дайыма алга!!!!!
2442 13:25 16-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|